icon__file icon__search

“Эки өлкө – эки парк” долбоорунун алкагында ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар жаралууда

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт, “эки өлкө – эки парк” долбоору Кыргызстандан Кашгарга айыл чарба, дистибьютер жана текстиль продукцияларын жеткирүүгө, ошондой эле логистика жана инвестициялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Эске салсак, ушул жылдын 24 – январында Кашгардын “эки өлкө-эки парк” экономикалык өнүгүү зонасынын ачылышы учурунда Кыргызстандагы ири ишканалардын жетекчилери кытай компаниялары менен меморандумдарга жана келишимдерге кол коюшкан. Алсак, жүгөрүнүн экспорту боюнча келишимге кол коюу аземине “БайДыкан” Айыл чарбаны колдоо борборунун экспорт боюнча директору Улан Букабаев жана ” Xinjiang Yihua Import and Export Trading Co., Ltd” компаниясынын өкүлү катышты. Мындан тышкары, кыргыз компанияларынын жетекчилери “Kyrgyz Global Distribution Limited – Назарбек Бекмуратов, “БайДыкан” – Улан Букабаев, “Ак Ниет” – Тойчубек Жусупов Кашгардын Эркин соода башкармалыгынын төрагасы Гуо Шусунг менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул жетишкендик “Кыргыз почтасы” ААКнын демилгесинин алкагында эки парк, эки өлкө индустриалдык парктын ачылышынын негизинде мүмкүн болгонун белгилей кетүү керек.