icon__file icon__search

Чүй облусунун Сокулук районундагы Мирное айылында жаңы заманбап мектеп ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында, Чүй облусунун Сокулук районундагы Мирное айылында Нуржамал Маткасымова атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Жаңы мектеп имаратынын ачылыш аземине санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ренат Айтымбетов, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким) Илияз Ташкулов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү катышышты.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Р.Айтымбетов белгилегендей, мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууда: “Билим берүү чөйрөсүнө бөлүнүүчү каржылоо жылдан жылга көбөйүүдө. Ошондой эле мугалимдердин да эмгек акысы көбөйүп, билим берүүнүн сапаты жогорулоодо, жаңы мектептер салынууда, мектептерди жана бала бакчаларды капиталдык оңдоого каражат бөлүнүп, окутуу жана тарбиялоо үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө”- деп белгиледи.

Мектептин эски имараты 1960-жылдары курулгандыктан авариялык абалда болуп, заманбап жаңы имаратка муктаж болгон.

Учурда Нуржамал Маткасымова атындагы мектептин жаңы имараты бардык керектүү окуу материалдары, техникалык каражаттар жана спорттук шаймандар менен толук камсыздалган. Мектептин жаңы имараты 270 окуучуга ылайыкталган.