icon__file icon__search

СӨМ жана БУУ ӨП Кыргызстанда санариптик трансформациялоону илгерилетүү маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 2023-жылдын 13-декабрында Санариптик өнүктүрүү министрлигинде БУУ ӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жана санариптештирүү боюнча адистердин кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен Кыргызстанда санариптик трансформацияны илгерилетүү маселеси талкууланды. Талкуунун алкагында БУУ ӨП өлкөнүн санариптик даярдыгын баалоо боюнча изилдөөнү сунуштады, ал туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн санариптик чечимдерди колдонууда Өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

БУУ ӨПтүн Башкы санариптик башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан санариптик даярдыкты баалоо методологиясы  өкмөттөр тарабынан кеңири колдонулат жана БУУ ӨПтүн жергиликтүү кеңселери тарабынан колдоого алынат. Санариптик даярдыкты баалоо методологиясы беш негизги багыт аркылуу ишке ашырылат: мыйзамдар, бизнес, мамлекеттик башкаруу, инфраструктура жана коом. Санариптик даярдыкты баалоо методологиясы процессине кабинеттик изилдөөлөр, мамлекеттик, жеке, коомдук жана академиялык чөйрөлөрдөгү кызыкдар тараптардын сурамжылоолорунун жыйынтыктарын талдоо, ошондой эле эл аралык платформаларда жеткиликтүү статистикалык маалыматтарды талдоо жана валидациялык иш-чаралар кирет.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева санариптик даярдыкты баалоо – бул Кыргызстанга азыркы абалды баалоого жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдүн жана коркунучтардын тез өзгөрүп жаткан чөйрөсүнө ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк бере турган жакшы курал экенин белгиледи. “Баалоо Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны тездетүүгө да салым кошот деп ишенем”, – деп белгиледи Н. Кутнаева.

Өз кезегинде БУУ ӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: “Санариптик технологиялар Өкмөт тарабынан экономикалык өсүшкө гана эмес, коомдун бакубаттуулугуна жана туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүгө да өбөлгө түзүшү керек”, – деп белгиледи өз сөзүндө А.Соловьева.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча 2022-2025-жылдарга санариптик стратегиянын алкагында Кыргызстандагы санариптик трансформацияны изилдөө жана баалоо ишинде СӨМ жана БУУ ӨП кызматташтыгын улантуу чечими кабыл алынды.