“Санарип Инсан” стартап-долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо 10.11.2023, 16:42 2023-жылдын 10-ноябрында стартап-долбоорлордун конкурсунун финалы болуп, анын жыйынтыгы чыгарылды. Конкурстун темасы: “Жаштардын, айрыкча жаш аялдардын капиталы жетишсиз болгон бизнес-долбоорлорду түзүү үчүн алдыңкы санариптик билимдерди жана көндүмдөрдү колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” болду. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко “Санарип Инсан” стартап-долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Куттуктоо сөзүндө К.Омельченко мындай сынактар жаш ишкерлер үчүн илхам жана өнүгүү булагы экендигин белгиледи. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен биз бул идеялардын талантын гана эмес, экономикалык жана социалдык жашоону өзгөртүү потенциалын да тааныйбыз. Андан соң министрдин орун басары “Санарип Инсан” сыйлыгынын жеңүүчүсүнө татыктуу сыйлыгын тапшырып, биринчи орунду ээлеши менен куттуктады. “Старт-проекттер” конкурсунун жеңүүчүсү “Salym.AI – акылдуу салык жардамчысы” долбоору менен Багымдат Атабаева болуп, 400 000 сом гранттык колдоону утуп алды. Кошумча маалымат иретинде: “Санарип Инсан” долбоорунун максаты-жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын изилдөө, Санариптик каржылык тиркемелер, онлайн коммерцияда жана ишкердикте маалыматтык технологияларды колдонуу, ошондой эле жашыл экономиканын эсебинен туруктуу өнүгүү жолдору сунушталат. Долбоор Европа Биримдигинин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.