icon__file icon__search

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы логотибин тартуулайт

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өзүнүн жаңыланган расмий логотибин тартуулайт. Мекеменин логотибинин алмашуусу учурдун талабы болуп, мекеменин мекеме катары калыптанышында маанилүү этапты далилдейт. Иштелип чыккан жаңы эмблема санариптик прогресстин баалуулугун жана стратегиялык багытын айгиленейт.

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жаңыланган расмий логотиби санариптик трансформациясынын идеяларынын алкагында негизделди.  Логотип өзүнө шумкардын элесин камтыйт. Шумкардын элеси физикалык дүйнөдөн санариптик дүйнөгө өтүү мезгилин чагылдырат.

Жаңы логотип санариптик доордогу стратегиялык өнүгүүсүнүн элесин чагылдырат. КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн ар дайым заманбап, инновациялык жана өнүккөн технологиялык чөйрөнү түзүүгө умтулат. Шумкар – ыкчамдуулуктун, эптүүлүктүн жана тактыктын белгиси болуп, азыркы мезгилдеги санариптик доорго өтүүдөгү ылдамдуулуктун жана тактыктын маанилүүлүгүн баса белгилейт. Шумкардын санариптик пикселдерге өтүүсү мамлекеттин өнүгүүсүндөгү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуусундагы маанилүү роль ойногон жаңы замандын маанисин түшүндүрөт.

Логотип санариптик трансформацияга, инновациялардын өнүгүүсүнө жана санариптик сабаттуулукту арттырууга багытталган   Министрликтин стратегиялык программасынын алкагында иштелип чыгып, пайдаланууга берилди.