Санариптик өнүктүрүү министрлигине министрдин жаңы орун басарын тааныштырышты 06.10.2023, 15:36 Бүгүн, 2023-жылдын 6-октябрында КР Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев Министрликтин эмгек жамаатына жаңы дайындалган министрдин орун басарын расмий түрдө тааныштырды. КР Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Омельченко Клим Сергеевич КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.