Санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Тоомас Тирс менен жолугушту 02.10.2023, 15:36 2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Эстония Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Тоомас Тирс менен жолугушуу өткөрдү. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жогорку даражалуу мейманды жылуу тосуп алып, Эстония менен Кыргызстандын санариптик чөйрөдөгү кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. “Эстония – Жаңы санариптик технологияларды киргизүү боюнча биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Узак убакыт бою маалыматтык тутумдардын базасы иштелип чыккан. Жакынкы убакытта билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурабыз”, – деп белгиледи Н.Кутнаева өз сөзүндө. Өз кезегинде Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Тоомас Тирс эки өлкөнүн ортосундагы санариптик багыттагы мамилелердин акырындык менен өнүгүшүнө канааттангандыгын жана мындан ары да өлкөлөр кызматташтыгы жемиштүү болоруна үмүттөнөрүн билдирди.