icon__file icon__search

Санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева жыл сайын өтчү Digital Almaty 2024 форумуна катышты

1-февралда жыл сайын өтчү VI Digital Almaty 2024 форуму өз ишин баштады. Форумдун ишине санариптик технологиялар жаатындагы жетектөөчү эксперттер катышышты. Форум өзүнө GovTech, Индустрия 4.0, ESG, Smart City жана башка ушул өңдүү тармактарды кошкон санариптик трансформациядагы актуалдуу темаларды камтыган кеңири мазмундагы иш программасын камтыйт. Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Шанкай Кызматташтык Уюмунун биринчи санариптик форумунун алкагында өткөрүлгөн “GovTech X: мамлекеттик башкаруудагы санариптик куралдар” темасында панелдик сессиясына катышып, сөз сүйлөдү.

         “Digital Almaty – жөн кана форум эмес, санариптик индустриясынын лидерлери жолуга турчу жер, бул жерден санариптик келечекке таасир этчү жаңы тенденциялар жана чечимдер иштелип чыгат”,- деп белгиледи санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

         Digital Almaty – форумунда санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

         Муну менен бирге, Н.Кутнаева Иран Ислам Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Иса Зарепур менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, министр Н.Кутнаева Азербайжандын Asan xidmet мекемесинин директору, Евразиялык өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун жетекчиси Тирган Саркисян жана Эл аралык электробайланыш бирлигинин аймактык директору Наталья Мочу менен жолугушууларды өткөрдү.