icon__file icon__search

САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ҮЧ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫК


Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан жалпысынан санариптештирүү жаатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул иштин жыйынтыгына сереп салды. Стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу мамлекет башчысынын демилгеси жана колдоосу менен ишке ашууда.

Интернет жана була-оптикалык байланыш линияларын куруу – Санариптик өнүктүрүү министрлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат, акыркы 3 жылда мамлекеттик мекемелерди жана калкты интернет менен камсыз кылуу максатында курулган була – оптикалык байланыш линияларынын өсүшү байкалууда. Була-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун жалпы узундугу – 49210 км, 2023-жылы 1600 км ашык. “Digital CASA – КР” долбоорунун алкагында 128 калктуу конуш, 792 социалдык объект була-оптикалык байланыш линияларына кошулду.

 “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына – бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке компаниялар да кошулду. Системага кошулган уюмдардын жалпы саны 3 миңдин тегерегинде; пайдалануучулардын саны-140 миңден ашык; документтердин жалпы саны – 13 миллиондон ашык. Электрондук документ жүргүзүү системасы толук кандуу пайдаланууда жылдык мамлекеттик бюджеттин 382 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөөрү болжолдонду.

Электрондук кол тамга – акысыз берилет, “Түндүк”, “Мегапэй”, “Мбанк”, “Оптима24” мобилдик тиркемелери аркылуу аралыктан берүү / узартуу ишке ашырылды. Жалпысынан 1,1 миллиондон ашык электрондук кол тамга берилген.

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына – 77 министрлик жана ведомство, муну менен бирге  140 коммерциялык уюм кошулду. 2023 – жылы мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу 324 млн, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдардын ортосунда 145,5 млн транзакцияга жеткен. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында 66 мамлекеттик орган жана 94 коммерциялык уюм маалымат алмашты.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 158 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана сервистер онлайн режимде жеткиликтүү. Жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө, “балага сүйүнчү” жөлөкпулуна, каза болгондугу тууралуу күбөлүккө, транспорт каражатын кайра каттоого арыз тариздешип, ар кандай маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү мамлекеттик органдарга барбай эле электрондук форматта ала алышат.

 “Түндүк” мобилдик тиркемесин жүктөөлөрдүн саны 1, 4 миллионго жетти. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык күчкө ээ болгон санариптик документтер: ID-карта, айдоочулук күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк/никесин каттоо/никесин бузуу/транспорт каражатын каттоо жана пенсиялык күбөлүк жеткиликтүү. Ошондой эле тиркемеде “ден соолуктун санариптик профили” (дарыгерге жазылуу, оорууканалар ж.б.), булуттук электрондук кол тамганы онлайн алуу мүмкүнчүлүгү, сот аткаруучулардын линиясы боюнча айыптарды жана карыздарды текшерүү жана онлайн мүмкүнчүлүктөрү төлөө бар. Мамлекеттик порталдын кызматтары тиркемеде жеткиликтүү.

Накталай эмес төлөмдөр – Паспорт, ЖААК, чек ара өткөрмө, “Мекен-карта”, “Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматтары үчүн төлөмдөрдү электрондук капчыктар аркылуу кабыл алуу кызматы ишке киргизилди. Интернет-эквайринг технологиясы боюнча payment.infocom.kg сайты иштелип чыгып, ишке киргизилди. Сайт аркылуу Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн жарандар үчүн чет өлкөлүк мекемелерде мамлекеттик кызмат алууда акы төлөө үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сайт ишке киргизилгенден бери жалпысынан 77 млн сомдон ашык суммага төлөм жүргүзүлгөн.

Жарандык абалдын актыларын санариптештирүү – 13 миллион жарандык абалдын актыларынын 3 миллиондон ашыгы санариптештирилди. Калганы 9 миллиондон ашык. Иш уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы менен инновациялык долбоорлор – электрондук жана аралыктан добуш берүү ыкмасы киргизилүүдө. 2023-жылы Баткен жана Ысык-Көл облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо долбоор сыноодон ийгиликтүү өттү.

FACE ID бет түзүлүшү аркылуу идентификациялоо – бет геометриясын таануу платформасы Liveness ыкмасын колдонуу менен ишке киргизилген. Ал мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, транспортту онлайн кайра каттоодо, шайлоо процесстеринде жана булут кол тамгаларын онлайн берүүдө ийгиликтүү колдонулууда.

ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүү – 2022-жылдан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мамлекеттер аралык маалыматтар жана электрондук документтерди алмашуу күчөтүлдү, жалпы маалыматтык ресурстар түзүлдү жана жалпы процесстер ишке ашырылды. Трансчек аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүүнүн алкагында трансчек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүдө электрондук цифралык кол тамганы таануу эрежелери бекитилди. Эрежелер ар кандай тармактарга, анын ичинде саламаттыкты сактоо, каржы, салык, бажы жана G2G жана B2G алмашуудагы башкаларга тиешелүү.

“Инфоком” Мамлекеттик ишканасы ЕАЭБ комиссиясы менен кызматташтыкта Кыргызстандын улуттук сегментин маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу менен маалыматтарды берүүнүн корголгон тармагына кошууну камсыздады.

Калкты тейлөө борборлорун өнүктүрүү – республика боюнча жаңы форматтагы 36 калкты тейлөө борборлору  иштейт. 2023-жылы болжол менен 1,6 миллион кызмат көрсөтүлүп, 2,3 миллион кеп-кеңеш, 421 миң маалымкат берилди. “Бэк жана фронт офистер” пилоттук долбоору ишке киргизилди, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн иш графиги оптималдаштырылды, мониторинг жүргүзүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында санариптик байкоо камералары орнотулду.

Архив кызматы – 5 мамлекеттик архивдин: Араван, Аксы, Жумгал, Тоң, Балыкчы   жаңы имараттар курулуп,  пайдаланууга берилди. Чет элдик архивдерден Кыргызстан жана кыргыздар тууралуу документтерди табуу боюнча иштер жүрүп жатат, кыргыз элинин жашоо тиричилигин, Кыргызстандын калыптануу тарыхын чагылдырган 557 документ аныкталды.

Почта байланышы – маркетплейстер менен өнөктөштүк бөлүгүндө электрондук коммерцияны активдүү өнүктүрүү жүргүзүлүүдө, берүү пункттарынын тармактары кеңейтилүүдө. “Кыргыз Почтасы” Кытайдагы Кашкар шаарындагы Эркин экономикалык чөлкөмүндө  почта бөлүмүн ачты, анда эл аралык жөнөтүүлөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана эки тарапка жеткирүү ишке ашырылат. Торугарт аркылуу Кытай менен биринчи почта алмашуу 2023-жылдын мартында башталган. Эстонияда, Латвияда жана Австрияда ачылган эл аралык өкүлчүлүктөр 32,2 тонна почта жөнөтмөлөрүн иштеп чыгышты.