icon__file icon__search

Министр Нурия Кутнаева Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондян менен жолгушту

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында,  Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Армения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Армен Гевондян мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Армениянын санариптик технологиялар жаатындагы кызматташуусунун актуалдуу маселелери каралды.

Министр элчиге “Түндүк” платформасы аркылуу иштеп жаткан санариптик документтердин ийгиликтүү ишке ашырылышы тууралуу айтып берди. Ошондой эле Н.Кутнаева өзүнүн көңүлүн “Кыргыз Почтасы” ААКнын ишмердүүлүгүнө жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ” DIGITAL CASA – КР ” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга бурду.

Өз кезегинде Армениянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси А.Гевондян Кыргызстанда санариптештирүүнүн өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, эки өлкөнүн санариптик технологиялар чөйрөсүндө бекем кызматташтыгын түзүүгө үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Армениянын санариптештирүү тармагындагы кызматташуусун активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.