icon__file icon__search

Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын ардагерлерин сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү

2023-жылдын 6-октябрында, Бишкекте улгайган адамдардын Күнүнүн урматына арналган КР байланыш тармагынын ардагерлерин сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага КР санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жумамүдүн Жумалиев, “Кыргызтелеком” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мадаминов жана Министрликтин башка расмий кызматкерлери катышышты.

Санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева иш-чарада сөз сүйлөп, ардагерлердин өлкөбүздүн бекем коммуникациялык байланышын түзүүдөгү кошкон зор салымдарын белгилей кетти

         “Сиздер өлкөбүздүн санариптештирүүсүнүн бекем фундаментинин түзүүсүндө болдуңуздар. Азыр, биз санариптик Кыргызстанды куруп жаткан мезгилде сиздердин кеңешиңиздер жана бай тажрыйбаңыздар бизге абдан керек болот. Жакында биз байланыш тармагынын ардагерлеринен түзүлгөн эксперттик кеңеш институтун киргизгени жатабыз, сиздерди да ал кеңешке мүчө болууга чакырам”,- деди Н.Кутнаева.