icon__file icon__search

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын каттоо тартибы

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү жана жарандыгына жараша каттоосу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматты эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында болуу укугун берген,
каттоонун жана башка уруксат берүүчү документтерди алуунун тартиби өзгөрбөгөндүгүн билдирет.

«Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибин» кабыл алуу менен күчүнө кирген визасыз режимде жүрүү мөөнөтүн эсептөө механизми өлкөдө жүрүүгө тиешелүү
уруксат кагаздарын тариздебеген чет өлкөлүк жарандарга гана тиешелүү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына карата 90 күндүк чектөө өлкөнүн аймагында катталбаган/ жашап турууга уруксат/ /Мекен карта ошондой эле “Кайрылман” же “Санарип көчмөн» статсун албаган учурда колдонулат.
Эске сала кетсек, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарын каттоо мурдагыдай эле алты айдан ашпаган мөөнөткө, келген максатына жараша каттоону андан ары узартуу укугу менен жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибин киргизүү менен бирге КР тиешелүү органдары тарабынан уруксат берүү жол-жоболорун андан ары жөнөкөйлөштүрүү маселелери каралууда.
Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин, маалымат коомчулукка жеткиликтүү болот.
СӨМ өз кезегинде учурдагы эрежелерге ылайык каттоодон өткөн чет өлкөлүк жарандар үчүн эч
кандай өзгөрүү болбогондугун маалымдайт.
1-мисал:Жаңы талаптар Кыргыз Республикасынын аймагына келип, 30 күндүн ичинде каттоодон өткөн ЕАЭБ жана КМШ жарандарына жайылтылбайт (б.а. ЕАЭБ жана КМШ жарандары үчүн 90/180 болуу мөөнөтү колдонулбайт. алар 180 күндүн ичинде жалпысынан 90 күн болушу мүмкүн).
2-мисал: Кыргыз Республикасынын аймагына кыска мөөнөткө кирип-чыккан ЕАЭБ жана КМШнын жарандары, б.а. каттоо же каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин (30 күнгө чейин) алар Кыргыз Республикасынын аймагында жалпысынан 90 күнгө чейин боло алышат (ар бир кирүү жана чыгуу эсептелет) ар бир 180 күндө.