icon__file icon__search

“Кыргыз Почтасы” ААКнун өкүлчүлүгүнүн Кытай Эл Республикасында ачылышы

Кытай Эл Республикасынын тарыхый Кашкар шаарында “Кыргыз Почтасы” ААКнун өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы болуп өттү.


Бул Кашкардагы “Кыргыз Почтасы” ААКнун өкүлчүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы почталык инфратүзүмүнүн өнүгүүшүнө жана соода-экономикалык байланыштын бекемделишине түрткү берет. Жаңы ачылган өкүлчүлүк чек аралык электрондук соодасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинде маанилүү роль ойноп, бизнес жана керектөөчүлөр ортосундагы өз ара кызматташтыгын натыйжалуу жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
“Кыргыз Почтасы” ААКнун өкүлчүлүгү өз ишин баштаары менен Кашкар шаарындагы Атайын Экономикалык Аймагында орун алган Кытай Почтасынын Эл аралык почталык алмашуунун жеринде өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө баштайт. Бул стратегиялык маанидеги локация эки өлкөнүн почталык операцияларды натыйжалуу жүргүзүүгө жана кардарларды тейлөөгө жагымдуу шарт түзүп берет.
Бул окуя Кыргызстан менен Кытайдын достук байланыштарын чыңдалышынын маанилүүлүгүн баса белгилейт, муну менен бирге тараптарды узак мөөнөттө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка болгон умтулуусун билдирет.