icon__file icon__search

Кутнаева Нурия Асылбековна Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кутнаева Нурия Асылбековна Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кутнаева Нурия Асылбековнаны Министрликтин жамаатына тааныштырды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулган.