icon__file icon__search

КР СӨМ таза шаар үчүн!

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмгек жамааты жалпы шаардык ишембиликке чыгышты
Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамааты күзгү жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.
Ишембиликтин алкагында, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын (Юбилейная-Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши) жол боюнда жаткан таштандыларын чогултуп, көчөлөрдү, тротуарларды жана арыктарды тазалашты.

Ишембиликке Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатынан тышкары, Министрликтин түзүмдүк мекемелеринин кызматкерлери да чыгышты.