icon__file icon__search

Калкты жеринде документтештирүү боюнча мобилдик калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө эскертебиз

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты жеринде документтештирүүнү жүргүзгөн Мобилдик калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө эскертет.

Калктын социалдык аялуу катмарынын жашоосун жакшыртууга жана аларга керектүү колдоо көрсөтүүгө багытталган демилгенин алкагында 2023-жылдын 9 айында мобилдик топтор 373 ордунан документтештирүүгө муктаж болгон  жарандарга акысыз чыгышты.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, карылар үйүндө жашагандар, I топтогу майыптар, жетим балдар жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары сыяктуу калктын социалдык жактан аялуу катмарын документтештирүүгө мобилдик топтордун баруу кызматы акысыз.

Мобилдик топтордун борборлору калкты каттоо жана документтештирүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Кабыл алынган кайрылууларды эсепке алуу менен иш графигине ылайык дүйшөмбүдөн жумага чейин тейлешет.

Мобилдик топтор иштеген аймактардын тизмеси:

  • Бишкек шаары;
  • Ош шаары (Ош облусу);
  • Базар-Коргон ш. (Жалал-Абад облусу);
  • Жалал-Абад (Жалал-Абад облусу);
  • Баткен шаары (Баткен облусу);
  • Раззаков шаары (Баткен облусу);
  • Өзгөн шаары (Ош облусу)
  • Талас шаары (Талас облусу);
  • Нарын шаары (Нарын облусу);
  • Кочкор району (Нарын облусу);
  • Кызыл-Суу айылы (Ысык-Көл облусу);
  • Каракол шаары (Ысык-Көл облусу);
  • Сокулук району (Чүй облусу).

Кененирээк маалымат алуу үчүн 119 номерине кайрылыңыз.