Жумгал районунда облустук мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды 19.08.2023, 15:08 2023-жылдын 18-августунда Нарын облусунун Жумгал районунда облустук мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, Кыргыз Республикасынын СӨМнин алдындагы архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, Мамлекеттик администрациясынын башчысы – Нарын облусунун Жумгал районунун акими Адыбек Набиев жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты. Учурда Жумгал райондук мамлекеттик архивинде 130 фонд жана 19064 сактоо бирдиги бар. Ошондой эле, Жумгал районунун мекеме-ишканаларында 1932-2005-жылдары түзүлгөн 63 фонд 9699 сактоо бирдиги Нарын шаарындагы Нарын облустук башкармалыгында эски имаратта орун жоктугуна байланыштуу сакталып калган. Райондун тургундарын тейлөө максатында бул документтер Жумгал райондук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилген. Документтер райондук архивдин казынасына кабыл алынгандан кийин документтердин жалпы саны 197 фондду жана 28763 сактоо бирдигин түзөт.