icon__file icon__search

Булуттук электрондук кол тамга Tunduk тиркемесинде

Эми үйүңүздөн чыкпастан, дүйнөнүн булуң бурчунан Tunduk тиркемесине онлайн каттала аласыз.

Tunduk мобилдик тиркемесинде булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) онлайн алуу менен катталууга мүмкүн.

 БЭКти кантип онлайн алсаңыз болот?

 • Тиркемени жүктөп алыңыз.

 • Кириңиз жана “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз.

 • Керектүү маалыматты толтуруңуз (ИЖН, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)

• Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду бериңиз.

 • Талапка ылайык сүрөттү кошуңуз.

 • Сүрөткө түшүп, ырастаңыз.

 • “Каттоо” баскычын басыңыз.

 • Куттуктайбыз! Сиз БЭКти алдыңыз!

 • Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз.

 • Макулдашууну бөлүшсө болот (жогорку жактагы “Бөлүш” баскычы), ылдый жактагы “OK” баскычын басканда, авторизация барагына өтөсүз.

Долбоор өлкөнү санариптик трансформациялоонун алкагында ишке ашырылууда.