Бишкек шаарындагы №1 КТБда жарандарды тейлөөнүн жаңы ыкмасы тестирлөөдөн өтүүдө 14.11.2023, 16:39 Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрдан тартып №1 Калкты тейлөө борборунда (12-мкр., Нуркамал Жетикашкаева к., 29, “ДК” СБ) пилоттук режимде жарандарды кабыл алуунун жаңы тартиби ишке киргизилди. Тейлөө борбордун ишин жакшыртуу максатында маалыматтык блок (кабылдама) алынып салынды жана 28 операторго чейин тейлөө залы кеңейтилди. Эми бул Калкты тейлөө борборуна келип, жарандар керектүү кызмат көрсөтүүгө талонду дароо алышат жана сурап-билүү бөлүмүнө кайрылбастан электрондук кезек боюнча адиске барышат. Эгерде жаран “Early Оne” мобилдик тиркемеси аркылуу кезекти алдын ала брондосо, келген адам жөн гана QR-кодду сканерлейт жана таблодо өзүнүн номери пайда болгондон кийин операторго барат. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык келүүчүлөргө Калкты тейлөө борборуна барардын алдында 119 номери боюнча колл-борборго чалып, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча алдын ала толук маалымат алууну сунуштайт. Бардык уюлдук операторлордон чалуу акысыз. Бул кадам өзүнүн оң динамикасын жана кезектерди кыскартууга өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, бул практика республиканын бардык Калкты тейлөө борборлоруна ишке киргизилет.