icon__file icon__search

Ашхабад шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин байланыш жаатындагы кеңешинин жыйыны өттү

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында аймактык шериктештиктин байланыш администрация башчыларынын кеңешинин байланыш жаатындагы 59-жыйыны жана КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматташтыруу боюнча Координациялык кеңешинин 29-отуруму болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов катышты.

Күн тартибинде санариптик өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жана байланыш тармактарындагы алдамчылыкка каршы күрөшүү чаралары маселелери каралды.

Ошондой эле почта байланышынын аспектилери, анын ичинде почтаны өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу талкууланды.

Шериктештиктин ички маселелери, анын ичинде каржылык аспектилер жана алдыдагы аткаруу комитетинин башкы директорун шайлоо талкууланды. Кийинки отурум 2024-жылдын 20-майында Беларусиянын Минск шаарында пландаштырылды.

Кыргызстандын делегациясы TurkmenTEL конференциясына жана көргөзмөсүнө катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын почта кызматтарынын өкүлдөрү логистикалык коридорлорду жакшыртуу максатында маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” ААКу инвестиция, санариптештирүү, байланыш, спутниктик технологиялар жана киберкоопсуздукка арналган бир катар көргөзмөлөргө катышты.