Алыскы айылдарда көчмө документтештирүү саамалыгы болуп өттү 20.11.2023, 16:37 Калкты тейлөө борборунун мобилдүү тобу Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун алыскы калктуу конуштарына 2023-жылдын 9-ноябрынан 14-ноябрь аралыгында барышты. Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу беш күндүн ичинде алыскы Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй, Беш-Терек, Ак-Суу, Беш-Корук жана Сретенка айылдарынын тургундарына 200гө жакын мамлекеттик кызматтарды көрсөттү. Паспортторду алмаштыруу боюнча кызматтар эң көп суроо – талапка ээ болгон-60 учур катталды. Көчмө Калкты тейлөө борборлору төмөнкү кызматтарды көрсөттү:: * паспортторду тариздөө; * ЖААК кызматтары; * жашаган жери боюнча каттоо; * чет өлкөлүк жарандарды жашаган жери боюнча каттоо. Мындан тышкары, Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобунун кызматкерлери “Түндүк” тиркемесине катталуусунун каалоочуларына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн тиркеменин сервистерин колдонуу демонстрацияларын өткөрүштү. Ошондой эле, адистер жарандарга көрсөтүлгөн бардык кызматтар боюнча кеңеш беришти. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул процесске кошкон салымы үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет. Бардык жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Министрликтин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.